Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Багыңды ачып малайлар, Ленин тапты акылды Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул). Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын кулү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын күлү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов). В.: Күлүн асманга сапыруу. Басмачылардын кайсы жерлерде экенин айттырып алышып, душмандын күлүн асманга сапырышты (Сасыкбаев). Күлүңдү асманга сапырайынбы! Жогол экөөң тең! (Осмоналиев). Күлүн сапыруу. Күүлөнүп кызыл баатырлар, Душмандын күлүн сапырды (Осмонкул). Кайраттуу күндө балдарым, Канкордун күлүн сапыргын (Тоголок Молдо). – Уктуңбу!... Күлүн сапырып таштайм! (Касымбеков).